Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда эртең менен саат 08:30да Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Министрлик айдоочуларды ашууларга сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону зарылдыгын эскертет.
Пикир
Оставить комментарий