• 87
  • 90.41
  • 0.84

Төө-Ашуу менен Өтмөктө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Бүгүн Төө-Ашуу менен Өтмөктө оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөшүүдө.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында да каттам бар. Жолду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий