• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ошто балдардын укуктарын коргоого арналган форум өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Ош шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган "Балдарды катаал мамиледен жана зомбулуктан коргоо: үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү" улуттук форуму өтүп жатат.

Эмгек министрлигинен билдиргендей, бул иш-чара 28-октябрда Бишкекте өткөн форумдун уландысы болуп саналат.

Форумдун катышуучулары аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштин оң тажрыйбаларын талкуулашууда.

Эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева балдарга карата катаал мамиленин (зомбулуктун) алдын алуу боюнча ведомствонун иши жөнүндө маалымдады.

"Министрликтин аймактык башкармалыктары тарабынан 2022-жылдын 9 айында 191 249 үймө-үй текшерүү жүргүзүлгөн.

Мигрант-ата - энелердин 75 миң 457 баласы аныкталган, алардын 59 миң 197и туугандарында, 82и үй-бүлөлүк мамилелери жок адамдар менен жашайт.

Үймө-үй кыдыруу учурунда 20 бала зомбулукка (8 физикалык зомбулук, 8 сексуалдык зомбулук, 4 психологиялык зомбулук) кабылганы аныкталган. Белгилей кетчү нерсе, бала кайсы үй-бүлөдө кордолгонун билүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Балдарга карата зомбулук (зордук - зомбулук) бир эле тобокелдик тобундагы үй-бүлөлөрдө гана эмес, көп учурда жакшы жашаган үй-бүлөлөрдө да катталат", - деди ал.

Форумда мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат көрсөтүүчү мекемелер тарабынан балдарды коргоо жаатында Конституциянын ченемдерин ишке ашыруунун сапатын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоого багытталган чаралардын комплексин ишке ашырууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий