• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Коом 0


Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда саат 13:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 124-136-чакырым аралыгы тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

"Өлкөнүн башка ашууларында жааган кар аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттүү материалдар себилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Транспорт министрлиги туруксуз аба ырайынан улам тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий