Төө-Ашууда жолдун ачылышын күткөн жарандарга суусундуктар таратылууда

Аймак 0


Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Төө-Ашууда жолдун ачылышын күтүп турган жарандарга суусундуктар таратылууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, суусундуктар ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан таратылууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 26-июлдан тарта Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталып, 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизилген.

Иштер 26-июлдан 6-августка чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта унаалар төмөндөгүдөй график менен өткөрүлүп турат:

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

- оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;

- жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Ал эми борбор калааны көздөй - Бишкек - Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

- оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;

- жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.

Пикир

Оставить комментарий