• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Төө-Ашуудагы жол тыгын жөнгө салынууда

Аймак 0


Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Төө-Ашууда кардан улам пайда болгон жол тыгын жөнгө салынууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 08:30га карата жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жатат. Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө.

Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, Арал жана Сосновка өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып жатышат. Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.

№9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий