• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Төлө Исаков: Кыргызстанда абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттө өтүп жаткан маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

“Кыргызстанда абал туруктуу. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык тиешелүү чаралар көрөлүүдө. Сузактагы коронавирус аныкталган жарандар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Алардын абалы канааттандырарлык”,- деди ал.

Анын айтымында, дүйнөдө ошол эле сасык тумоо, туберкулез дартына жылына миллиондогон адамдар чалдыгат, ал эми ал оорулардан көз жумгандардын саны миңдеп саналат. Ага салыштырмалуу COVID19 илдетине чалдыккандардын жана андан көз жумгандардын саны аз. Бул илдет тез тарашы жана ага карата вакцина жоктугуна байланыштуу кооптуу болуп саналат. Коронавирус илдетин окумуштуулар аягына чейин изилдеп бүтө элек.

Пикир

Оставить комментарий