• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу брифингде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жолчу-инженери Куштарбек Аманов билдирди.

Анын айтымында, "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолунун курулуш долбоору 3 фазага бөлүнгөн. Биринчи, Кызыл-Жылдыз – Арал тилкесинде иштер 2018-жылы бүтүп, жол пайдаланууга берилген, Казарман – Жалал-Абад тилкесинде 3 миң 283,5 метр узундукта тоннель куруу иштерин бүтүрүү калды. Жалпы узундуктун 3 миң 890 метринде иштер бүтүп, 606,5 метри калды. Ошентип, иштер 2023-жылдын ноябрында толук бүткөрүлөт.

Экинчи этапта Арал – Казарман тилкеси бүткөрүлүп, азыр кемчиликтер оңдолуп жатат. Аяктоо мөөнөтү быйылкыга белгиленген.

"Үчүнчү фаза боюнча долбоор 2024-жылы толук аяктайт. Долбоордун жалпы наркы 860 млн долларга бааланган, азыркы учурда 600 млн доллары сарпталды", - деди инженер.

Пикир

Оставить комментарий