• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кара-Суу жана Өзгөндө милиция жашоочулардын арызын жеринде кабыл алууда

Аймак 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы жашоочулардын арыздарын жеринде кабыл алып жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Милициянын көчмө кабылдамасынын максаты — жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана милицияга болгон ишенимди бекемдөө.

Жыл башынан бери Кара-Суу районунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы 181 жолу аймактарга кыдырууга чыгып, 904 арыз кабыл алынып, анын ичинен 2 арыз ички иштер органдарына тиешелүү болгон. Ал эми 610 арыз боюнча юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Өзгөн районунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы 81 жолу аймактарга кыдырууга чыгып, 103 арыз кабыл алынып, анын ичинен 2 арыз ички иштер органдарына тиешелүү болгон. Ал эми 25 арыз боюнча юридикалык жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий