• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абаддагы кооптуу делген сел каналдары тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы кооптуу деп эсептелген сел каналдар тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ал үчүн жергиликтүү бийлик тараптан атайын техника жана кол каражаттар тартылып, кооптуу делген 1 650 метр сел канал толугу менен тазаланды.

Ведомстводон кошумчалашкандай, жыл башында шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына сел каналдарды тазалоо боюнча атайын эскертмелер берилип, анын негизинде тишелүү жумуштар аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий