• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Тентимишев: Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү ишканалар жок

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишев билдирди.

Анын айтымында, Караколдо ушул багыттагы ишкана жакында болот.

“Ошондой эле Бишкек мэриясы чет элдик өнөктөштөрү менен таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы борбор калаада куруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок Саруу айылында желимди кайра иштетүүчү цех бар”, - дейт Тентимишев.

Пикир

Оставить комментарий