• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Удовиченко: Өткөн жылы Россия менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелери жакшы болду

Коом 0

Бишкек, 09.02.22 /Кабар/. Россия менен Кыргызстандын мамилелери акыркы бир нече жылдан бери жакшы болуп келе жатат. Коронавирус пандемиясы Россия чындап эле ар түрдүү тармакта маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин көрсөттү. Өткөн жыл буга далил болду. Россиянын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө арналган маалымат жыйынынын жүрүшүндө Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып, эки өлкөнүн 2022-жылга карата кызматташтыгынын келечеги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, өткөн жыл эки тараптуу мамилелер жаатында жаман болгон жок. “Үзгүлтүксүз саясий диолог жүргүзүлүп келе жатат. Садыр Жапаров Россияга үч жолу барып келди. Түрдүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын Москвага иш сапары пландалууда. Ар кайсыл багытта суйлөшүүлөр жүргүзүлүп, байланыштар түзүлөт”, - деди Удовиченко.

Ал өткөн жылы соода мамилелелери дагы жакшы болгондугун белгиледи. Дипломаттын айтымында, жалпы товар жүгүртүү 2,5 млрд долларды түзгөн. “Кыргызстандан экспорттун көлөмү көбөйдү. Россиядан акча которуулар жаатына дагы кызыгуу күч: өткөн жылы ал 2,6 млрд долларды түзгөн. Орус тилинин ролун өзгөчө белгилей кетүү керек. Биз Кыргызстанда орус тилин колдоону улантабыз. Бул үчун республиканын аймагына 9 мектеп куруу боюнча макулдашууларды даярдоо аяктап жатат. Кыргыз жетекчилиги дагы орус тилин колдой турганына ишенебиз жана көрүп жатабыз. Тил жана тил саясаты боюнча айта турган болсом, жаңы нерсени иштеп чыгуу менен бирге жетишкендиктерди жоготпоо маанилүү деп айта алам”, - деди элчи.

Ал Кыргызстан орус тилин билүү боюнча абдан бекем позицияга ээ жана бул олуттуу ийгиликтерге жетүүгө жардам берет.

Евразия интеграциясынын өнүктүрүүгө байланыштуу элчи бул жылы ЕАЭБде төрагалыкты Кыргызстан кыла турганын белгиледи. Элчи белгилегендей, КР президенти ЕАЭБ башчыларына кайрылуу жөнөттү, анда өнүктүрүүнүн артыкчылыктары көрсөтүлгөн. Удовиченко Россия бул артыкчылыктарды бөлүшөрүн белгиледи.

“ЖККУга байланыштуу биз активдүү кызматташып жатабыз, диолог туруктуу негизде уланууда. Казакстан боюнча биргеликте чечим кабыл алуу бул жылдын маанилүү окуясы болуп калды. Биргелешкен аракет ал жактагы ырайымсыз аракеттерди токтотуп кала алды. Кайчылаш жылы эки тарап тең ар кандай иш-чараларды уюштурууга аракет кылышкан, бирок коронавирустан улам айрым иш-чаралар өтпөй калган. Март айында ар кандай иш-чаралар пландаштырылган”, - деди Удовиченко.

Пикир

Оставить комментарий