• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Түп – Кеген унаа жолунун 80 пайызы аяктады

Аймак 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Түп – Кеген унаа жолунун 80 пайызы аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган Түп – Кеген унаа жолунун курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган.

Түп – Кеген унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки аралыгы жана узундугу 13 чакырымды түзгөн Каркыра – Турук – Сары-Жаз автожолунун курулуш иштеринин 80%ы жыйынтыкталды. Аталган долбоордун алкагында Сан-Таш тарыхый-мемориалдык комплексине баруучу 1 чакырым жолду куруу да каралган.
Аталган жолдун курулушу 2022-жылы башталган. Курулуш иштерин 2025-жылдын июль айына чейин бүткөрүү мерчемделүүдө. Учурда жолду асфальттоо жана жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

“Долбоордун алкагында 107 даана жол алдындагы суу өткөрүүчү түтүк жана 10 даана кичинекей көпүрөнүн курулушу аяктады. Түп – Кеген жолу III жана IV категориядагы 11,5 тонна жүккө ылайыкталган эки тилкелүү жаңы технология менен майдаланган мастикалуу асфальт-бетон төшөлмөсү менен курулуп жатат. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт.

Ал эми долбоордо каралган Каркыра – Турук – Сары-Жаз унаа жолунда асфальт төшөө иштери толугу менен бүтүп, жол белгилерин орнотууга жана жол чийиндерин чийүүгө даярдыктар жүрүп жатат”, - деп белгилешти министрликтен.

Долбоор транспорттук агымдарды жакшыртууга, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылды камсыз кылууга жана региондун экономикалык интеграциясын күчөтүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий