• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Төрөбаев: Биздин максат – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган туруктуу айыл чарба системасын түзүү

Экономика 0

Бишкек, 14.12.24. /Кабар/. Биздин максат – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылалган туруктуу айыл чарба системасын түзүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштеүүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн учурдагы ишмердүүлүгүн талкуулоого арналган жолугушуусунда билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, быйылкы жылы республиканын агроөнөр жай комплекси жемиштүү иштерди аткарып, анын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жогорку деңгээлде болду.

Айыл чарба продукциясы 369 млрд 613 млн сомго өндүрүлүп, 2023-жылга салыштырмалуу 8 млрд 312 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 106,2 % түздү.

Кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 79 млрд 198 млн суммасында өндүрүлдү жана 2023-жылга салыштырмалуу 9 млрд 694 млн сомго көбөйдү, мында өсүү темпи 120,1% ды түздү.

Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу максатында республикалык бюджеттен ирригациялык курулуштарды капиталдык курууга жана оңдоого 3 млрд 239 млн сом бөлүнгөн же 2023-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп каржыланган.

26 ири жана орто кайра иштетүүчү ишканалар, 65 чакан ишканалар, 2 соода-логистикалык борборлор, 12 жашылча-жемиш базалары, 5 мал союуучу жайлар уюштурулган, ошону менен бирге 375 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Эл аралык стандарттар боюнча дагы 20 ири СЛБ куруу пландары бар.

15 Машина-трактордук станция (МТС), 47 кооператив түзүлдү.

Товар өндүрүүчүлөргө “Айыл чарбасын каржылоо-12” мамлекеттик программасы боюнча 4 млрд 352 млн сом суммасында – 10,9 миң субъекттерге, ошондой эле “АӨКтү насыялоо” программасынын алкагында 6 млрд 757 млн сом суммасында – 2584 субъекттерге жеңилдетилген насыялар берилген.

Мындан тышкары, кооперативдерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн министрлер кабинетинин “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” чечими кабыл алынып, ага 2 млрд 200 млн сом бөлүү пландаштырылууда.

Айыл чарба продукциясынын экспорту 27 млрд 161 млн сомду түздү же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 пайызга жогору болду.

Фермерлерди комплекстүү маалымат менен камсыз кылуу максатында региондордо “Фермерлерди тейлөө борборлору” ачылып, ишке киргизилди, бул багыттагы иштер улантылууда.

Бакыт Төрөбаев климаттын өзгөрүп жаткан шарттарында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана агросектордун туруктуулугу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Биздин максат – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла ала турган туруктуу айыл чарба системасын түзүү. Бул үчүн инфраструктураны жакшыртуу, чакан фермердик чарбаларды өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу сыяктуу комплекстүү чаралар зарыл", - деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Тараптар учурдагы долбоорлордун алкагында активдүү кызматташууну улантууга, ошондой эле агрардык секторду колдоого жана эл аралык аренада анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди иштеп чыгууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий