• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Төрөбаев кант кызылчасын ташыган вагондордун токтоп калуусу үчүн айып пулду жеңилдетүүнү тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 15.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кант кызылчасынан рекорддук түшүм алынганына байланыштуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигине бош туруп калган вагондорго айып пулду жеңилдетүү маселесин кароону тапшырды.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында кампалар чектелүү болгондуктан, кант кызылчасын ташуу үчүн вагондорду үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары, кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында сырьёну кабыл алуу эки саатка узартуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын дыйкандары кант кызылчасын массалык түрдө жыйноого киришкен. Кант кызылчасын кабыл алуу Чуй районундагы 7 кызылча кабыл алуу пункттарында жана Талас районунда жайгашкан Маймак кызылча кабыл алуу пункттарында жүргүзүлөт.

15-октябрга карата 350,6 миң тонна кабыл алынды, бул 2024-жылдын сезонуна болжолдонгон түшүмдүн 40%га жакынын түзөт.
Кызылча ташыган дыйкандардын вагондору жумасына жети күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий