• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россиялык аял Мегакомдун 100% акциясын 14,5 млрд сомго сатып алууга ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 26.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда “Альфа Телеком” ЖЧК компаниясынын 100% акциясын сатып алууга даяр кардар табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, ММБФ Мегакомду 13,5 млрд сомго жана кошумча 7% комиссиялык менен сатыкка койгонун жарыялаган. Жыйынтыгында 14,5 млрд сом болот. Каалоочулар билдирмелерин бишкек убактысы боюнча 2017-жылдын 25-сентябрына чейин бере алышмак.

“Мөөнөтүнө чейин Россиянын жараны Елена Нагорнаядан бир билдирме түшкөн. Ал физикалык жак, бирок интернетте ал тууралуу маалымат жетиштүү”, -деп түшүндүрдү ал.

Казаков ал учурда Кыргызстанда экенин билдирди.

“Бүгүн процедура боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда комиссия өттү. Нагорная компанияны биздин шарттарда сатып алууга даяр. Биз келишимдин шарттарын талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык”, - деп кошумчалады ММБФ башчысы.

Эскерте кетсек, аталган уюлдук оператордун 100% акциясы мамлекетке таандык. ММБФ аны сатууга бир нече ирет сынак жарыялаган, бирок акыркы сынакка чейин аны сатып алууну каалагандар болгон эмес. Ушундан соң Мегакомду түз макулдашуу жолу менен сатуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий