• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Салык кызматында салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү түзүлдү

Экономика 0

Бишкек, 11.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү түзүлдү.

Жаңы бөлүмгө аймактык салык органдарындагы салык төлөөчүлөр менен иштөөнү уюштуруу, "Бирдиктүү терезелерден" жарандарды сапаттуу жана ыкчам тейлөөнү камсыз кылууну контролдоо жана салыктык башкаруудагы жаңылыктар тууралуу калкты маалымдар кылуунун бирдиктүү саясатын жүргүзүү боюнча маалилүү функциялар жүктөлөт.

Салык кызматынын жетекчилиги салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүн түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алууда жарандардын бирдиктүү терезелердин тейлөө деңгээлине, анын ичинде кызматкерлердин орой мамилелерине болгон даттанууларын да эске алышты. Ошондуктан калкка сапаттуу салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу боюнча жергиликтүү салык органдарынын ишин координациялоо жаңы бөлүмдүн ишинин маанилүү бөлүгүнүн бири болот.

Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бирдиктүү терезелерде кызмат көрсөткөн салык кызматкерлери иш жүзүндө салык кызматынын коомдук жүзү экенин белгиледи. Мамлекеттик кызматкерлердин салык төлөөчүлөргө мамилеси, алардын кызматтык этикасы жана жүрүм-турум маданияты салык органынын имиджин түзөт.

“Бирдиктүү терезелердин кызматкерлери калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү бөлүгүндө ишти уюштуруу боюнча аларга жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүүгө тийиш. Алар сылыктыгы, жогорку маданияты жана өзүн-өзү кармай билүүсү менен айырмалануусу керек. Эң башкысы, алар жарандарга алардын маселелерин чечүүдө чын жүрөктөн жардам бериши керек", - деп белгиледи фискалдык органдын жетекчиси.

Ал ошондой эле, көпчүлүк учурларда бирдиктүү терезенин кызматкерлери салык органы менен жарандардын өз ара аракеттешүүсүндөгү биринчи инстанция экендигине көңүл бурду. Ошондуктан, алардан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жана салык мыйзамдарын жана башка салык жол-жоболорун, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн милдеттенмелерине тиешелүү талаптарды жакшы билүү талап кылынат.

Эскерте кетсек, салык органдарынын Бирдиктүү терезелери дүйшөмбүдөн жумага чейин эртең мененки саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин түшкү тамактанууга тыныгуусуз иштейт. Ошол эле учурда түшкү тамактануу убагында жарандарды кезметчи кызматкерлер тейлешет.

Салык кызматы аймактык салык органдарынын ишине тиешелүү сунуштарды жана эскертүүлөрдү кабыл алуу үчүн дайыма ачык.

Жарандар (0312)61-31-89 ишеним телефону боюнча, 1240 номери аркылуу Маалымат борборуна же info@sti.gov.kg электрондук почтасы, ошондой эле Салык кызматынын социалдык тармактардагы (@Салык кызматы / Налоговая служба) расмий барактары аркылуу кайрылышса болот.

Пикир

Оставить комментарий