• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Төрага Мамытов Россиянын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвадагы иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, Россия муфтийлер кеңешинин башчысы, шейх Равиль Гайнутдин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын диний-агартуу мекемелеринин ортосундагы байланышты өнүктүрүү жана бекемдөө, диний чөйрөдө натыйжалуу саясатты ишке ашыруу, диний жана светтик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Муну менен катар диний багыттагы жалпы көйгөйлөр айтылып, терс кесепеттердин алдын-алуу үчүн жетиштүү көңүл буруу керектиги белгиленди.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасы Волжск Булгария элдеринин исламды расмий кабыл алуусунун 1100 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле Талант Мамытов аталган маселелер боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, бул жаатта Россия Федерациясынын Дин Башкармалыгы менен биргелешкен иш-аракеттер күчөтүлөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде муфтий шейх Равиль Гайнутдин коомдогу тынчтык жана ынтымак башкы артыкчылык болушу керектигин айтып, Россия мусулмандары Кыргызстандагы диндештери менен бирге экенин, дайыма кыргыз элинин жаркын келечеги жана гүлдөп-өсүшү үчүн дуба кылышарын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жогоруда аталган темалар боюнча мындан ары да кызматташуу зарылчылыгын белгилешти.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында парламенттик делегация Москвадагы Собордук мечитти да көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий