Төрага Нурланбек Шакиев ЕККУнун төрагасы Иан Борчту кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борч менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сунуш-пикирлер талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан ЕККУ менен калыптанган байланыштарды өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар экендигин белгиледи.

"Сиздин бул иш сапарыңыз өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин. Анткени, адам укугун коргоо, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, адам сатуунун алдын алуу, чек ара коопсуздугуна жетишүү, киберкоопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү жана эффективдүү башкаруу өңдүү багыттарда, ошондой эле экономика, айлана-чөйрө жана климат маселелери боюнча да биргелешип иш алып баруубуз кажет", – деди.

Ошондой эле төрага тышкы саясий алакалар тууралуу да сөз кылып, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен тыгыз кызматташуу багытында жигердүү иш алып барарын белгиледи.

"Айрыкча Борбордук Азиядагы коңшу өлкөлөр менен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара байланышты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ", – деди Шакиев.

Муну менен катар сѳз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо жаатындагы абал тууралуу кеп кылган Нурланбек Шакиев ошол эле учурда мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу жана жеке адамдын аброюна шек келтирбѳѳ сыяктуу принциптерди сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Андан тышкары, кыргыз парламенти менен ЕККУнун ортосундагы алакалар боюнча да пикирин билдирген төрага Жогорку Кеңештин депутаттары ЕККУнун Парламенттик ассаблеясынын иш-чараларына активдүү катышып келе жатканын эске салды.

Өз кезегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Иан Борч иш сапарынын алкагында бир катар жолугушуулар мерчемделгенин белгилеп, анын ичинен Жогорку Кеңештин Төрагасы менен болгон жолугушуу өзгөчө мааниге ээ экенине токтолду.

Мындан сырткары, ЕККУ да Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендигин айткан Иэн Борч өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу пикирин билдирди. Ошону менен бирге мамлекеттик чек араны тактоо жаатындагы жасалып жаткан иштерди колдой тургандыгын кошумчалады.

Муну менен катар жолугушууда тараптар гендердик теңчилик, адам укугун коргоо жана сөз эркиндигин камсыздоо жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий