• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Депутаттар экс-президенттердин кол тийбестигин алуу маселесин талкуулап жатышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда “КРнын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев. Бул мыйзам боюнча докладчы депутат Зулушев.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде билдирилгендей, бул мыйзам долбоору 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган КРнын Конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

2010-жылдын 27-июнундагы жалпы элдик референдумунда кабыл алынган КРнын Конституциясы мамлекеттик түзүлүштүн формасын, КР Президентинин жана Жогорку Кеңештин укуктук статусун гана принципиалдуу түрдө өзгөртпөстөн, 3, 5-беренелеринде түпкүлүктүү укуктук принциптерден болуп саналган мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгын жана алардын өз ыйгарым укуктарын элдин гана кызыкчылыгы үчүн жүзөгө ашыруусун, ошондой эле укукка сыйбаган аракеттери үчүн бардык кызмат адамдарынын милдеттүү түрдөгү жоопкерчилигин аныктоо менен бардык мамлекеттик бийлик органдарына жаңы, кыйла жогорку талаптарды белгиледи.

Ушул мыйзамдардын бүткүл топтомун ырааттуу түрдө трансформациялоону талап кылган жаңы принцип азыркы учурда жаңы мыйзамды кабыл алууда жана мурда кабыл алынгандарына, бирок мыйзам жана мыйзам алдындагы ЧУА катары колдонуусун улантып жаткандарга түзөтүүлөрдү киргизүүдө акырындык менен жүзөгө ашырылууда. Бирок бул процесс аяктай элек, анткени мыйзамдык материалдардын көлөмүнүн чоңдугунан улам жана укук жаратуунун кечиктирилгис жана актуалдуу милдеттерин чечүүгө Жогорку Кеңештин алектенип жаткандыгынан улам мыйзам чыгаруучунун көз кырынан сырткары калып жаткан нормалар али бар. Мунун катарына 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген, КР экс-президентинин статусуна арналган 2003-жылдын 18-июлундагы №152 “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренеси кирет, бул норма бүгүнкү учурда мазмунуна жооп бербейт жана колдонуудагы Конституциянын нормаларына карама-каршы келет.

Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Мамлекет башчысынын кол тийгистигинин деңгээли төмөндөтүлгөн жана Конституцияда анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө норма жок. Ушуга байланыштуу “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат:

- Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын нормалары чагылдырылды;

- аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;

- 8-беренеде Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда;

- 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө норманы алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган бардык кепилдиктер токтотулат;

- экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр боюу кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;

- Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-Президенттин өзүнө жүктөлөт.

Мыйзам долбоору “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине ылайык 2018-жылдын 30-майында коомдук талкуулоону өткөрүү үчүн КР Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган. Мындан кийин бул мыйзам долбоору коомчулук кеңири өкүлдөрүнүн (профессорлор, юристтер, жарандык активисттер, адвокаттар, журналисттер жана башкалар) катышуусу менен ушул жылдын 1-июнунда өткөрүлгөн “Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей конституциялык принцибинин укуктук жана практикалык өңүттүн жүзөгө ашыруу” деген темадагы тегерек столдун алкагында талкууланды, анда катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгени колдошту.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору КР мыйзамдарына ылайык келет. Ал кабыл алынган учурда КР республикалык бюджетинен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Ошондой эле КР ушул мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес жана реглятивдүү таасир этүүнү талдоону жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок.

Пикир

Оставить комментарий