• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-казак жаштар форумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-казак жаштар форуму башталды. Иш-чаранын ачылышына Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев катышты.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, эзелтен эриш аркак жашаган эки элдин келечек ээлеринин башын бириктирген форумдун өтүшү жакшы саамалык экенин белгиледи.

"Бирибиз Ала-Тоонун берки бетин, бирибиз аркы бетин мекендеген боордош калкпыз. Аталарыбыз асман тиреген бийик тоолорду, учу-кыйыры көрүнбөгөн талааларды турак кылып, көчмөн маданият менен катар түрдүү руханий баалуулуктарды адамзатка мураска калтырган. Тарыхыбызда таланты менен таанылган, эмгеги менен өзгөчөлөнгөн инсандар арбын чыккан. Буга Абай Кунанбаев, Чокон Валиханов, Чыңгыз Айтматов өңдүү кыргыз менен казакка бирдей белгилүү залкарлар анык мисал. Андыктан, эгиз элдин арасынан бабаларыбыздын жолун улаган улан-кыздарыбыз арбын чыгат деген ишеничтемин”, – деди ал.

Ошондой эле коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштардын ролу чоң экенин айткан Нурланбек Шакиев “Көптөгөн улан-кыздарыбыз түрдүү тармактарда жигердүү эмгектенип, ийгиликтерди жаратышууда. Буга байланыштуу жаштар биздин келечек экенин ишенимдүү айта алабыз. Албетте, жаштарыбыз заманбап технологияларды мыкты өздөштүрүү менен катар ата-бабалардын наркын сактап, айрыкча эне тилин унутпашы керек”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар үстүбүздөгү жылдын январь айында “Чыңгыз Айтматов – кыргыз-казак элинин руханий байлыгы” аталышындагы форум ийгиликтүү өткөнүн эске салган Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Ага эки элдин интеллигенция өкүлдөрү катышып, маданий-руханий байланышты бекемдөөгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлер айтылган. Бүгүн кайрадан эки элдин жаштары чогулуп, тажрыйба алмашып, достукту жана бир туугандыкты даңазалап жатышат. Бул саамалык мындан ары да токтобой, жигердүү улантылышы керек”, – деди.

Өз кезегинде Казакстан Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев да өткөрүлүп жаткан форумдун маанилүүлүгүнө токтолуп, боордош эки элдин келечеги жаштардын колунда экенин белгиледи.

“Казак менен кыргыздын ортосундагы бир туугандык мамилелердин тамыры терең. Бул байланышты мындан кийин да улантуу жаштарыбыздын ыйык милдети”, – деген Маулен Ашимбаев форумдун ийгиликтүү өтөрүнө ишенерин билдирди.

Эскерте кетсек, аталган форумга Казакстандын жана Кыргызстандын коомдук ишмерлери, эксперттер, жаштардын жана студенттик уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий