• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тармактык комитет Конституциялык жана Жогорку соттун төрагаларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын кызмат ордуна президент тарабынан сунушталган талапкерлерди карап, колдоого алды.

Парлааменттин расмий сайтында маалымдалгандай, аталган маселе боюнча президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Белгилүү болгондой, КР Конституциялык сотунун төрагасы кызмат ордуна Эмиль Өскөнбаевдин, ал эми Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий