• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын кеңешинин жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин кезектеги жыйыны жана 17-пленардык отуруму өттү.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйынга ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары катышты.

Өз баяндамасында төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан ЖККУ алкагындагы байланыштарды арттырууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеп, алдыда жасалчу иш-аракеттер тууралуу сөз кылды.

Тагыраагы, 2025-жылы ЖККУга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөрүн эске салган Нурланбек Шакиев: “Биз ЖККУнун аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатабыз. Анын алкагында Кыргызстанда жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, көчмө жыйындар, биргелешкен отурумдар, аскердик машыгуулар өткөрүлүп, жалпы жыйырмага чукул иш-чараны уюштуруу мерчемделген”, – деди.

Ошондой эле ЖККУнун кеңешинин Астана шаарында өткөн акыркы жыйынында президент Садыр Жапаров тарабынан Кыргызстан төрагалык кылган мезгил аралыгында аткарылчу иштердин негизгилери айтылганын белгилеген Нурланбек Шакиев: “Анын ичинен тышкы саясий байланыштарды өнүктүрүү, аскердик жаатта кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүү максатталды. Ошондой эле ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын да ролун жогорулатып, айтылган маселелер боюнча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү дагы приоритеттүү пландарыбыздын бири болуп саналат”, – деди.

Мындан тышкары, Кыргызстан кийинки жылы киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүп жатканын айткан Төрага Нурланбек Шакиев: “Аталган эл аралык конференция маалымат коопсуздугуна байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоого, ошондой эле киберкылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана аларга каршы күрөшүү боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет”, – деди.

Сөзүнүн аягында төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын кийинки жыйыны 2025-жылы Кыргызстанда өтөрүн маалымдады.

Жыйындын соңунда атайын билдирүү жана биргелешкен кайрылуу кабыл алынды. Билдирүүдө Жакынкы Чыгыштагы, тагыраагы Газа тилкесиндеги, Ливан жана Сирия мамлекеттериндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш-талаптар камтылган. Ал эми кайрылууда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына байланышкан демилгелер берилген.

Пикир

Оставить комментарий