• 87
  • 90.41
  • 0.84

Түрк тилдүү өлкөлөрдү тууганчылык сезим бириктирип турат – Сулайман Кайыпов

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Дүйнө коомчулугу Түрк мамлекеттери бириксе кандай күч болот, кайсы аймактарды ээлейт, байлыктары, аскердик күчү кандай, дүйнөгө кандай таасирин тийгизет деген суроолорду талкуулашууда. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Түрк дүйнөсүнүн өзү - түрк мамлекеттери бул уюмга анчалык терең маани бере электей.

“Уюмдун ишин дүйнөлүк саясаттын деңгээлинде алып чыксак, биз чындап эле чоң күчкө айланат элек. Биздин башка биримдиктерден айырмабыз бар, дүйнөдөгү адамзат жоготуп койгон эң кымбат бир нерсени түрк дүйнөсү жоготкон жок. Ал өтө кымбат тууганчылык сезим. Бул бизде ар бир адамдын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, уруунун, уруктун анан жүрүп отуруп, улуттун жана мамлекеттердин ортосунда тууганчылык сезим сакталып калган. Бул биздин кармап кала турган, таяна турган баалуулугубуз, биз аны мамлекеттик масштабда өнүктүрүп жатабыз”,- деди Сулайман Кайыпов.

Ал уюмдун тарыхына токтолуп, Советтер союзу тарагандан кийин туугандык мамилелердин негизинде Түрк мамлекеттеринин уюму түзүлүп, алакалар пайда болгонун белгиледи. Байланыштарды өнүктүрүүгө тарыхыбыздын, маданиятыбыздын, турмушка көз караштарыбыздын окшоштугу да өбөлгө болду.

"2009-жылы 4 өлкөдөн турган бул уюм Түрк кеңеши болуп түзүлгөн. Кийинчерээк 2021-жылы Түрк мамлекеттер уюму саясий бирикмеге айланып, жаңы деңгээлге чыккан. Түрк мамлекеттеринин президенттеринин комитети жылына эки жолу чогулуп, түрк дүйнөсүндө гана эмес дүйнөлүк деңгээлдеги актуалдуу маселелерди талкуулап келишет. Кыргызстанда өтө турган саммитте Казакстан Түрк мамлекеттер уюмунун жетекчилигин Кыргызстанга өткөрүп берет”,- деди Кайыпов.

Эскерте кетсек, Бишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” аталган кезектеги XI саммити өтөт. Саммитке Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери жана уюмга байкоочу болуп кирген мамлекеттердин өкүлдөрү катышат.

15 жылдык тарыхы бар Түрк мамлекеттер уюмуна алгач Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Казакстан өлкөлөрү мүчө болуп, кийин Өзбекстан кошулган. Ал эми Венгрия жана Түркмөнстан байкоочу өлкөлөр болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий