Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт.
Бүгүн Режеп Тайып Эрдоган менен президент Садыр Жапаров жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты.
Анда кыргыз-түрк алакасын арттырууга өбөлгө түзө турган бир катар документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Жогорку сыйлык Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
Пикир
Оставить комментарий