Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапа менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды.

Сапардын алкагында ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий