• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Түркмөн бийлиги спутник антенналарга каршы күрөштү кайра баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Түркмөн бийлиги айылдарда спутник антенналарды алып таштоо боюнча иштерди күчөттү. Жергиликтүү аткаминерлер элет тургундары менен жолугушуп, антенналарды орнотпоо боюнча тушүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Дашөгүз облустук администрация жетекчилиги бюджеттик мекеме-ишканалардын башчылары менен жолугушуу өткөрүп, кол алдындагыларга чет өлкөлүк телеканалдарды көрүүдөн баш тарттыруу буйругун берген.

Буга чейин спутник антенналарга карата “аңчылык” негизинен ири шаарларда жана борбор калаада жүргүзүлүп келген.

Маалыматтарга караганда, өлкө калкы негизинен орус жана түрк телеканалдарын көрүшөт, чек арага жакын райондордо өзбек, казак жана азербайжан телеканалдары дагы популярдуу. Спутник антенналардын жардамы менен чет өлкөлүк радиолорду, анын ичинде “Азаттыкты” да угууга болот.

Түркмөнстанда 7 телеканал жана 4 радиостанция бар. Алар Түркмөнстандын Телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана кинематография боюнча мамлекеттик комитетине баш ийет.

Пикир

Оставить комментарий