• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ЖК үчүн жыл сайын бюджеттен 786 млн. сом бөлүнөт – Жумабеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеңеш үчүн жыл сайын бюджеттен 786 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу ЖКнын VI чакырылыштагы IV сессиясынын ишинин жыйынтыктары тууралуу айтып жатып ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков билдирди.

Ал маалымдагандай, парламент ал сумманын 760 млн. сомун короткон, башкача айтканда 200 млн. сомдон ашыгын бюджетке кайтарууда.

“786 млн. сомду биз 120 депутатка бөлүштүрөбүз. Бизде ЖК аппараты бар, ал жакта дээрлик 1 миңге жакын адам иштейт. Аларга айлык акы төлөш керек. Андан тышкары биз 30-40 млн. сомдун тегерегинде салыкка жана Социалдык фондго которобуз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий