• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Түркмөнстанда Кыргызстандын социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде өлкөнүн акыркы 3 жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерине арналган брифинг болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, брифингге "Түркмөнстан", "Нейтральный Түркмөнстан", "Ватан", "Ориент", "Түркмөнпортал", "Ньюс Центральная Азия" жана башка массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага ошондой эле Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Түркмөнстанда аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, Түркмөнстанда жашаган кыргызстандыктар келишти.

Брифингдин жүрүшүндө Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров катышуучуларга өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири тааныштырды.

Мындан тышкары, ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата социалдык жана экономикалык маанидеги 100 объектинин ачылышы, Камбар-Ата ГЭС-1, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу республика жана регион үчүн маанилүү болгон жана башка ири инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий