• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте ИИМдин Күзөт кызматынын 58 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 58 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерин төш белгилер, Ардак грамоталар менен сыйлашты.

ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлерине төш белгилерин тагып жатып, алардын эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

"Күзөт кызматында талыкпай кызмат өтөгөн жалпы өздүк курамды бүгүнкү майрам менен куттуктайм. Ар бириңиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, бакубат турмуш, иштериңерге ийгиликтерди каалайм",- деп куттуктады Оролбек Акпаров.

Ошондой эле Күзөт кызматынын ардактуу ардагерлери өздүк курамды майрамы менен куттуктап, өлкөнүн коопсуздугун сактоодо мекенге татыктуу кызмат кылууга чакырды.

Мындан тышкары, Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында сыйлоо аземи болуп, анда эмгеги сиңген кызматкерлерге атайын медалдар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий