Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Түштүк Калифорнияда дагы эки токойдо өрт тутанды. Бул тууралуу Axios америкалык порталы маалымдады.
“Түштүк Калифорниядагы аба ырайы жаңы өрттөрдүн тутануусуна жана эвакуация иштерин жүргүзүүгө себеп болууда”, - деп жазды интернет-портал.
Ал арада АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматынын климатты божомолдоо борбору келерки аптада Калифорнияда олуттуу өрттөр башталарын эскертти.
Буга чейин Лос-Анджелестеги токойдогу өрт алдын ала эсептөөлөр боюнча 250-275 млрд долларлык зыян келтиргени айтылган.
Пикир
Оставить комментарий