• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Түштүк Корея өлкөсүндө "Семетей" музыкалык спектакли коюлат

Маданият 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. 26-27-октябрда Азия маданий борборунун № 1 театрында Корей чыгармачылык тобу менен Кыргыз чыгармачылык тобу биргеликте даярдаган "Семетей" музыкалык спектакли коюлат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, учурда кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

Кыргызстандан барган чыгармачыл топ:

  • Карыпбаев Уланмырза Нурдинович - “Манас” музыкалык спектаклинин биргелешкен режиссеру;
  • Айнур Бердикулова - Кыргыз улуттук “Манас” театрынын Ураан ансамблинин мүчөсү;
  • Эрлан Касаболотов - Кыргыз улуттук “Манас” театрынын Ураан ансамблинин мүчөсү;
  • Саламат Жумадилов - Кыргыз улуттук “Манас” театрынын Ураан ансамблинин мүчөсү;
  • Ассоль Рыскулова - Кыргыз улуттук “Манас” театрынын Ураан ансамблинин мүчөсү;
  • Ислам Жумадилов - Кыргыз улуттук “Манас” театрынын Ураан ансамблинин мүчөсү;
  • Нурбек Эсенгазы - Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актеру;
  • Өмүрбек Израилов - Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру;
  • Айнура Качкынбек кызы - кино жана театр актеру;
  • Байзаков Максатбек - М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актеру;
  • Асанакунова Бегайым - Ж. Сейдакматова атындагы Тунгуч жаштар театрынын актеру.

Аталган иш-чара эки өлкөнүн маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана маданият жаатындагы контентти түзүү үчүн потенциалды күчөтүү жаатында өнөктөштүк долбоорунун алкагында КР Маданият министрлигинин 2024-жылга иш-чаралар планын негизинде өтүп жатат.

Эки өлкөнүн кызматташуусунун алкагында 2024-жылдын 23-24-август күндөрү саат 19:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "пхансори" жанрындагы "Эки көз" спектакли коюлган.

Пикир

Оставить комментарий