• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Түштүк Суданда белгисиз оорудан 89 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Түштүк Суданда белгисиз оорудан 89 адам каза болду.

Массалык өлүм Фангак шаарында катталган. Өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери жөнөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.

Маалыматка ылайык, буга чейин бул аймакта катуу сел жүргөн. ДССУнун ыкчам жооп берүү тобу окуя болгон жерге тик учак менен жетишкен.

"Биз тобокелдиктерге баа берүү жана иликтөө үчун ыкчам жооп берүү тобун жөнөтүү чечимин кабыл алдык. Алар оорулуу адамдардан үлгүлөрдү алышат, бирок буга чейин бизге 89 өлүм катталганы тууралуу маалымат берилген", - дейт ДССУнун өкүлү Шейла Байя.

Жергиликтүү адистер холерага иликтөө жүргүзүү үчүн оорулуулардан үлгүлөрдү алышып, ал иликтөөнүн жыйынтыгы терс чыккан.

Пикир

Оставить комментарий