• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө коронавирусту 15 миллиондон ашуун адам жуктуруп, 623 миңдей бейтап каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 15 млн 250 миң 804 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 623 миң 897 киши каза болгон. Ал эми 8 млн 665 миң 727 адам илдеттен айыкты.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 971 миң 343 киши, Бразилияда − 2 млн 227 миң 514, Индияда – 1 млн 238 миң 798, Россияда − 793 миң 720, Түштүк Африкада − 394 миң 948, Перуда − 366 миң 550, Мексикада − 362 миң 274, Чилиде − 334 миң 683, Улуу Британияда − 297 миң 952, Иранда – 281 миң 413 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий