• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2663кө жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2663кө жетип, 27,2 миңден ашык адам айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир суткада 71 адамдын каза болгону катталган. Дээрлик 2,6 миң жаран ооруканадан чыгарылган. Илдетти бир күн ичинде 508 адам жуктуруп алган. Жалпы көрсөткүчтө 77,6 миң адам коронавирусту жуктуруп алганы айтылат.

Хубэй провинциясында бир күндө 68 адам көз жумган. Бул аймакта өлүм эң көп катталса, экинчи орунда, 56 адамдын өлүмү Ухань шаарында байкалган. Уханда илдетти жуктуруп алгандардын саны 64,8 миң адамга жетет.

Пикир

Оставить комментарий