• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Москва Сирияда 40 аскери мерт болду деген маалыматты төгүндөдү

Дүйнө 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Расмий Москва "Рейтер" агенттигинин Сирияда жыл башынан бери кеминде 40 орус аскери мерт болду деген маалыматын төгүнгө чыгарды.

Россиянын Коргоо министрлиги 1-январдан бери Сирияда 10 гана орус жоокери каза тапканын билдирип, соңку маалыматтарды орус армиясынын согушкерлерге каршы операциясына көлөкө түшүрүү аракети катары мүнөздөдү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сирияга ыктыярчы катары барган орус жарандарынын мамлекет менен байланышы жоктугун белгиледи.

"Рейтер" агенттигинин журналисттери иликтөө жүргүзүп, Сирияда мерт болгон орус аскерлеринин саны алда канча көп экенин аныкташкан. Алардын тыянагы 2-августта жарыяланган.

Россия Сириядагы президент Башар Асадга колдоо көрсөтүүнү көздөгөн операцияларын 2015-жылдын күзүндө баштаган.

Пикир

Оставить комментарий