Табият кырсыгы катталуу ыктымалдыгы жогору болгон айылдын тургундарына сабактар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедранын окутуучулар курамы 2017-жылдын 16-март күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылына барып жеринде окутуу уюштурулган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Айылда табигый кырсыктардын катталуу коркунучу жогору. Мындан улам калкка өзгөчө кырдаал жаралган учурда өздөрүн алып жүрүү коргонуу эрежелери боюнча кенен түшүндүрмөлөр берилди.

Окутууга Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы да катышып, жергиликтүү элге сабактарды өтүүдө мугалимдерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берген.

Ушундай эле окутуулар Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер жана Чангет айыл аймактарынын жана Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу жана Көк-Арт айыл аймактарынын кооптуу, өзгөчө кырдаалдарга дуушар болуучу айылдарынын калкы менен өткөрулдү.

Жалпысынан 2017-жылдын 14-мартынан тартып 18- мартына чейин аймактык кафедранын окутуучулары Түштүк аймактын потенциалдуу кооптуу айылдарында жашаган 1456 адамды окутушту.

Пикир

Оставить комментарий