• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сокулук районунун акими: “Учак кырсыгында каза болгон А.Ташматовдун үй-бүлөсүнө жардам берилет”

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Бишкектин жанында учак кырсыгынан каза болгон Арзымамат Ташматовдун үй-бүлөсүнө жардам берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облусунун Сокулук районунун акими Болот Саткеев билдирди.

Ал билдиргендей, каза болгондун үй-бүлөсү компенсация алышы керек. “Азыркы учурда биз ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Азырынча комиссия иштөөдө, бир нерсе айтуу эрте. Бирок, мен жыйынтык болот деп ишендирип кетким келет. Үй-бүлөгө жардам берилет”,-деген Б.Саткеев, бул маселе Сокулук акимиатынын өзгөчө көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн "Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында каза болгон жарандын жубайы Бузуура Тагаева жана анын кызы Гүльшайыр Азымамат кызы каза болгон жаран эжесинин үйүнө келип каза болгонун жана сөөгүн эжеси жерге бергенин, эми мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан бардык жардам эжесинин дарегине берилип атканын айтышкан. Муну менен катар туугандары каза болгондун атын жана атасынын аттарын өзгөртүп, үй-бүлөсү мамлекеттин жардамына муктаж болгон жабырлануучулардын тизмесине кирбегендей кылып коюшкан. Ал бийликтен ушул маселени чечүүгө жардам берүүнү өтүнөт.

Өз кезегинде Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов балдар жардам алышы керек деп белгиледи. “Бул жерде татаал үй-бүлөлүк маселе бар, алар өз ара макулдашып, бир чечимге келиши керек. Мен бул маселени комиссиянын жыйынында көтөрөм. Аларга бири-бирин түшүнүүсүнө жардам бериш керек”,-деди .Б.Кудайбергенов.

Ошондой эле, губернатор каза болгон А.Таштанов кырсык учурунда Дача-СУ айылындагы өзүнүн бир тууган эжесинин үйүндө жашап жүргөн деп белгиледи. Бир жылдан ашык убакыттан бери ага эжеси кам көрүп жүргөн. Ал өлгөндөн кийин албетте, аны эжеси жерге берген. “Ал бир тууган эжеси, бөтөн эмес. Ошондуктан, үй-бүлөсү дагы, эжеси дагы сүйлөшүп, бир чечимге келиши керек”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 16-январда Бишкектин жанында учак кырсыгы болгон. Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп бара жаткан Боинг 747-412 учагы “Манас” аэропортуна коно албай, жакын жердеги Дача-СУ айылына кулап түшкөн. Учак кырсыгынын натыйжасында 39 адам каза болгон, анын ичинде 4 адам экипаждын мүчөлөрү болгон. Каза болгондордун туугандарына Президенттин, Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бир жолку жардамдар берилген. Мындан тышкары, ӨКМнын атайын эсеби ачылып, ага каалоочулардын бардыгы учак кырсыгынан каза болгон жана жабыркагандарга акча каражатын жөнөтүшкөн. Азыркы учурда каражатты бөлүштүрүүнү Өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын комиссия чечип жатат.

Пикир

Оставить комментарий