• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Тайванда сасык тумоого чалдыккандардын саны рекорддук көрсөткүчтөргө жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Тайванда сасык тумоого чалдыккандардын саны рекорддук көрсөткүчтөргө жетти.

ТАСС Тайвандын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча борборунун маалыматына таянуу менен кабарлагандай, өткөн жумада дээрлик 140 миңге жакын адам сасык тумоолоп ооруканаларга кайрылган.

"Бул акыркы он жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп калды. Мында 49 оор учур жана сасык тумоонун кесепетинен 10 өлүм катталды", - деп айтылган борбордун билдирүүсүндө.

Тайванда дагы деле чочко тумоосу (H1N1 вирусу) үстөмдүк кылууда. Сасык тумоо ал жакта 2024-жылдын 1-октябрында күч алып баштаган. Андан бери 461 оор учур жана 101 өлүм катталды. Тайвань дарыгерлери жашоочуларды тумоого каршы эмдөө алуу зарылдыгын белгилешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий