• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Талантбек Иманов ИТАнын президенти менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Римде президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов ITA компаниясынын президенти Маттео Дзоппас менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Талантбек Иманов инвестициялык саясат чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана соода, инвестиция, технология, ошондой эле туризм тармактарында мамлекет инвесторлорго жана ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткан артыкчылыктуу долбоорлор жөнүндө айтып берди.

"Кыргызстан ишкердик климатты жакшыртуу жана инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Реформалар экономиканы либералдаштырууга, инфраструктураны жакшыртууга жана жарандарыбыздын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган", - деп белгиледи ал.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана жаңы инвестицияларды тартууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий