• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов БУУнун ЭСКАТО өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен БУУнун ЭСКАТО Миссиясынын өкүлдөрү Андреас Дресслер менен Хизер Тейлор-Стросстун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун ЭСКАТО өкүлдөрү миссиянын милдети кыргыз тарапка тиешелүү Жол картасын жана аны андан ары ишке ашыруу планын иштеп чыгуу менен чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн экономикалык тармактарды аныктоодо көмөк көрсөтүү экенин билдиришти.

Министрликтин өкүлдөрү бизнести колдоого жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар (салык реформалары, соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, бизнести колдоо) боюнча кеңири маалымат беришти.

Жыйынга КР Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий