• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Талантбек Иманов Жети-Өгүз районунун ишкерлери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана ишкерлери менен жолукту.

Мекемеден маалымдашкандай, Талантбек Иманов жолугушууда бизнес чөйрөнү мамлекет тарабынан колдоонун жаңы чаралары, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле агенттиктин 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнө, ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго, ишкерлерди коргоо боюнча иштерге токтолду.

Мындан тышкары, ишкерлерге тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдөн коргоого багытталган ченемдик-укуктук база сунушталды.

Талантбек Иманов аймактардагы кичи жана орто бизнес экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнорун, андыктан бардык тармактардагы иштерге басым жасоо мындан ары дагы күчөтүлөрүн баса белгиледи.

“Биз ар дайым кызматташууга ачыкпыз жана бизнес менен ар дайым бардык актуалдуу маселелерди бетме-бет талкуулоого даярбыз. Эч кандай тузак, бюрократиялык басым болбошу керек. Эгерде фактылар катталса бизге кабарлап коюңуздар. Чакан жана орто бизнес өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүнүн негизи болуп, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө салым кошууда. Ишкерлердин демилгелерин колдоо жана алардын өсүшүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө дем берүү үчүн зарыл ресурстарды сунуштоо маанилүү”, - деди ал.

Өз кезегинде бизнес өкүлдөрү бюрократия, жер жана башка бизнес маселелерине байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле жолугушууда облуста инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча идеялар сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үзгүлтүксүз негизде активдүү кызматташуу ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий