• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Талас: бети менен жерге көтөрүп чапкан кыздын дени сак, балага доосу жок

Коом 0

Бишкек, 12.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кызды жигит бети менен жерге көтөрүп чапкан видеодогу окуя Таласта болгон. Элдин көңүлүн бурдурган бул видеону дээрлик 200 миңден ашуун адам көргөн. Милиция видеодогу адамдардын өздүгүн тактаган.

ИИМдин маалыматы боюнча, жаштар жөн гана көңүл ачышкан. Бала жергиликтүү тургун болуп чыккан, ал үч айдан соң 18 жашка чыгат, ал эми кыз 16 жашта.

Алар атайын орто билим берүү жайында окушат, видеого бирге окуган бала түшүргөн.

“Кыз эч кандай жаракат алган эмес жана балага доосу жок”,-деп билдиришти милициядан.

Милиция кызматкерлери балдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле милиция бөлүмүнө балдарды чакыртышкан.

Пикир

Оставить комментарий