• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Кыргызстан УЭТ" ишканасынын филиалдарына жаңы атайын техникалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалдарына 11 жаңы атайын техника тапшырылды. Алар татаал шарттагы жумуштарды тейлөөгө ылайыкташкан. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул атайын техникалар 2023-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык "Кыргызстан УЭТ" ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган 5 даана манипулятор краны жана 6 даана ыкчам бригадалык атайын автоунаанын жалпы суммасы 46 млн 468 миң сомду түздү. Автоунаалар 7 облустагы алыскы жана тоолуу РЭТтерге бөлүштүрүлүп берилди.

Техникаларды тапшыруу иш-чарасына энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, энергетиктердин аткарып жаткан иштери алдыга жылышы үчүн аларга керектүү баардык шарттарды түзүп берүү жетекчиликтин милдети экенине токтолду. Муну менен катар министр алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин мойнундагы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.

Андан тышкары атайын техникаларды алган электр тармактар ишканасынын жетекчилерине техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды.

Ошондой эле иш-чарага Кыргызстан улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков, директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, кызматтык түзүмдөрдүн, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана РЭТ жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий