• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түп районундагы селдин кесепетин жоюуга 103 куткаруучу тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Түп районундагы селдин кесепетин жоюуга 103 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жертөлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын каптаган.

"Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар бөлүмдөрүнөн 103 куткаруучу жеринде иш алып барышууда. Ошондой эле техникалык иштерди аткарууга 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 3 ХОВО, 2 АКУ, мотопомпалар тартылган.

Куткаруучулар 5 топко бөлүнүп, башкармалыктын башчысы М. Карабаев жетекчилиги менен үймө-үй кыдырып, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле куткаруучулар тарабынан турак үйлөрдүн короо-жайлары тазаланууда.

Мындан сырткары, Каркыра айыл аймагынан 40, Түп ИИБден 20 жана райондук администрациясынан 5 адам чыкты.

Белгилей кетсек, 7-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары жогоруда аталган айылдарды каптаган. Мындан улам жеринде ӨКМдин куткаруучулары иш алып барышты.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жөнгө салуу иштеринен кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий