• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Талас облусунда 18 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. 2024-жылы план боюнча Талас облусуна 24 чакырым асфальт төшөө каралган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайы, анын ичинен 18 чакырым аралыкка асфальт басуу иштери өз убагында аткарылып бүттү.

Учурда төмөнкү жолдордо иштер уланууда:

  • №47 Жол тейлөө ишканасы тарабынан капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Ключевка – Май-Бакыян унаа жолуна (Р. Жанаев көчөсү) асфальт төшөөгө кум-шагыл аралашмасын төгүү иштери жүрүп жатат. План боюнча 6 чакырым каралган;
  • №19 Жол тейлөө ишканасы Талас – Нылда – Покровка автожолунун 1 чакырым жолуна асфальт төшөөгө жер иштерин жүргүзүүдө.
  • №6 Жол тейлөө ишканасы тарабынанБакайыр айылынын Манас көчөсүндөгү 1 чакырым жолго мамлекеттик салымдар беренесинен эсебинен асфальт төшөө иштери жүрүп жатат;
  • Аманбаев-2 – Ферма – Лущихин унаа жолуна асфальт басууга 4 чакырым жол негизи даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий