• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кытайлык туркомпаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын кайсы жерлери кызыктырарын айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кытайдан келген туристтик компаниялардын өкүлдөрү "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын кайсыл жерлерине баргылары келгенин айтып беришти.

Sichuan China Youth Travel Service туристтик компаниясынын өкүлү Сю Цзянын айтымында, эки өлкөнүн тарыхы жана маданияты бири-бири менен тыгыз байланышта.

"Көпчүлүк туристтерибизди биздин улуу кытай акын жана жазуучусу Ли Бонун туулган жерине (ред.: Суяб же Ордукент - Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан эрте орто кылымдагы шаар. Шаардын калдыктары азыркы Ак-Бешим айылынын жанынан табылган. Бул жер Токмок шаарынан түштүк-батышты карай 6 км аралыкта), "Ала-Арча" тоо коругунун кооз жаратылышына жана Ысык-Көл берметине баруу кызыктырат", - деди ал.

Ошондой эле Сю Цзя Ысык-Көлдү көпчүлүк кытайлар бала чагынан биле турганын белгиледи. "Биздин балдар жомокторунун биринде башкы каарман ушул көл тууралуу айтып берет", - деди ал.

Өз езегинде Jiangxi Tourism Group Overseas tourism Co. туркомпаниясынын өкүлү Вэй Фан дагы Кыргызстанга кытай жазуучусу Ли Бонун туулган жерин көрүү үчүн келгенин айтат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга маалыматтык турдун алкагында Кытайдан 20 туристтик компаниясынын өкүлдөрү келген.

Пикир

Оставить комментарий