Талас райондук милициясынын жаңы имаратына капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бүгүн Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Капсула салуу иш-чарасына ички иштер министринин орун басарлары Октябрь Урмамбетов, Сүйүнбек Ниязбеков, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Зорбек Ибраимов, Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурдин Чолпонкулов катышты.

Белгиленгендей, 2 кабаттуу имараттын жалпы аянты 423 чарчы метрди түзүп, 14 бөлмөдөн турат. Милиция бөлүмүнүн эски имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы салынып жаткан имарат менен кошулат.

Курулуш иштери ички иштер министрлиги тарабынан каржыланат. Талас районунун ички иштер бөлүмү 70 миңден ашуун калкты тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий