Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Талас шаарына Кара-Кеченин 5 миң тоннадан ашык көмүрү келди. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Көмүр шаардагы “Газпром” комплексинин жанындагы кампада тоннасы 5 миң 200 сомдон сатылууда.
“Көпчүлүк тургундар көмүрдү сатып алууда жана ал жетиштүү көлөмдө. Каалоочулар көмүрдү кап менен ала алат”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий