• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Таласта борбордук базардын 1,3 га бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен

Аймак 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Талас шаарында 144 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы Талас шаардык мэриясынын токтому менен борбордук базардын ичинен 1,3 га жер тилкеси “Т.А.К.” ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталып, укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, соттук инстанциялардын актылары менен канааттандырылган.

Талас облустук прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 144 млн 172 миң 800 сомго бааланган 1,3 га жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий